Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ынтымакты бекемдөөдөгү аялдардын ролу боюнча улуттук форум өтөт


Бүгүн Бишкекте баштала турган форумда тынчтыкты сактоодогу жана этностор аралык биримдикти чыңдоодогу аялдардын ролу, активист айымдардын ишмердик деңгээлин жогорулатуу талкууланат. Жыйын катышуучулары Ош менен Жалал-Абаддагы аялдардын демилгелүү топторунун тажрыйбасы менен таанышат.

Форум Борбордук Азиянын Евразия фонду тарабынан АКШнын Эл аралык өнүктүүрүү агенттигинин каржылоосу менен өткөрүлөт. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.

«Хаят» мейманканасында айымдардын тынчтыкты сактоого кошкон салымын чагылдырган фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү да уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG