Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Ошто бүгүн Түштүк аймактык III инвестициялык форум башталат


Аймактын экономикасын жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө арналган форумга Кытай жана Орусиядан инвесторлор катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Болот Жолдошев билдирди.

Форум облустук бийлик тарабынан Ошто 3 жылдан бери уюштурулуп келет. Ал 2010-жылдагы калабадан кийин кыйынчылыкка тушуккан аймакка чет элдик инвесторлорду тартып, чарбалык иштерди жандантуу максатын көздөйт.

Буга чейинки форумдарга Түркия, Иран, Түштүк Корея жана башка өнүккөн мамлекеттерден ишкерлер келип, облуста биргелешкен кичи ишканалар иштей баштаган.

Форумдун алкагында Ош улуттук драма театрынын алдында 22-26-май күндөрү Кытайдын айыл чарба техникасынын жарманкеси да уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG