Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Биринчи кыргыз тарых китебинин 100 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Кыргыз-түрк "Манас" университетинде биринчи кыргыз тарых китебинин жарык көрүшүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Анда китептин автору, кыргыздын тунгуч тарыхчысы Осмонаалы Сыдыковдун эмгеги тууралуу сөз болуп жатат. Сыдыков совет доорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.

Сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда ал Кытайга кетип калган. Кийин Чыгыш Түркстанда бозгунда жүрүп каза болгон. Анын 1913-жылы Башкыртстандын Уфа шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1915-жылы “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG