Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Депутат Өзбекстанга сууну токтотууну сунуштады


Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов көтөрүп чыкты. Анын айтымында, газ боюнча өзбек тарап сөзгө келбей жатса, дал ушундай жол менен жооп берүү зарыл. Буга чейин ушундай эле демилгени Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөлөрү көтөргөн.

Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Өзбекстанга сугат мезгилинде суу берүүнү токтотуу боюнча сунушту 21-майда өкмөткө жиберген. Бирок өкмөт бул сунушка жооп бере элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG