Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Азербайжан Арменияны аскерлерине ок ачкандыгы үчүн айыптады


Азербайжан Арменияны ок атышпоо келишимин бузгандыгы үчүн айыптады. Коргоо министрлиги 22-майдагы билдирүүсүндө белгилегендей, түн ичинде армениялык аскерлер Тоолуу Карабактын жанындагы Физули районунда Азербайжандын турумдарына чабуул койгондо 3 аскер жарадар болду.

Ал эми жикчил аймактын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр Азербайжан армиясынын “диверсанттарынын” кирип келүүсүн алдын алууга аракеттенишкенин билдирди.

21-майда Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги Азербайжандын күчтөрү алардын бир жоокерин атып кетишкенин айткан. Баку болсо бул дооматты четке кагууда.
Азербайжан менен Армения жылдардан бери Тоолуу Карабак боюнча касташып келатат. 1990-жылдардын башындагы согуш учурунда Азербайжандын аймагын Армения колдогон жикчилер ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG