Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Пара алууга шектелген судья үй камагына алынды


Бишкектин Октябрь райондук соту кызмат абалынан пайдаланып пара алды деп шектелген Кара-Кулжа райондук сотунун мурдагы судьясы Абдижалил Эргешовду үй камагына алуу боюнча чечим чыгарды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган судья быйыл январь айында пара алууга шектүү катары кармалган. Андан соң Соттор кеңеши мыйзам бузган судьяларды кылмыш жообуна тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүнө макулдук берген. Өткөн жумада болсо президент Алмазбек Атамбаев Эргешовду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.(BkA)

XS
SM
MD
LG