Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Азиз Батукаевге издөө жарыяланды


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Чеченстанда жүргөнү айтылган Азиз Батукаевге Кыргызстандын ичинде издөө жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты.

Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Батукаевге эл аралык издөө жарыялоо чечимин Ички иштер министрлиги же Башкы прокуратура кабыл алышы керек.

Нарын шаардык соту 2013-жылдын 9-апрелинде Азиз Батукаевди бошотуу боюнча чыгарылган мурдагы чечимин жакында жокко чыгарган. Ага Башкы прокуратуранын өтүнүчү негиз болгон. Прокуратуранын жүйөсүндө, Батукаевге жалган диагноз коюлуп, аны абактан чыгаруу атайылап уюштурулган.

Өткөн жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген негизде бошотуп жиберген. Ал ошол күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Батукаев түрмөдөн эртелей бошонуп кеткенден кийин ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG