Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Москва ханзада Чарлздын комментарийин түшүндүрүүнү талап кылды


Орусия ханзада Чарльздын комментарийине байланыштуу Британиядан “расмий түшүндүрмө” берүүнү талап кылды. Кээ бир маалымат каражаттары жазганына караганда, Чарльз Орусия президенти Владимир Путиндин Украинадагы аракеттерин Адольф Гитлердики менен салыштырган. Ал мындай сөздөрдү 19-май күнү Канадада, жакындарын Холокостто жоготкон аял менен сүйлөшүп жаткан учурда айткан имиш. Кабарчылардын ырастоосунда, Чарльз “Путин Гитлердин кылганын дээрлик кайталап атат” деген.

Орус Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Лукашевич Чарльздин андай сөздөрдү айтканы чын болсо, бул “кабыл алынгыс, пастык”, - деди.

6-июнда Британ тактысынын мураскери Франциядагы эскерүү чаралары учурунда президент Владимир Путин менен жолугушмакчы.

Чарльздын кеңсеси анын жеке сүйлөшүү учурундагы сөздөрүнө комментарий бербесин билдирди.

XS
SM
MD
LG