Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Украинанын чыгышында өткөн түнү 14 аскер окко учту


Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов Донецк облусунда түн ичинде жикчилдердин кол салууларынан 13 жоокер окко учканын билдирди.
Анын алдында Коргоо министрлиги кошуна Луганск чөлкөмүндө да 1 аскердин набыт кеткенин маалымдаган.

Бул – армия чыгыш облустарында орусиячыл жикчилдерге каршы операция баштагандан берки эң көп жоготуу болду.

Премьер-министр Арсений Яценюктун айтымында, Орусия Украинадагы кырдаалды курчутуп, 25-майдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөөдө. Премьер БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чогулууга үндөдү.
Ал ортодо НАТОнун Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен эки өлкөнүн чек арасына жакын жерде жайгаштырылган орусиялык куралдуу күчтөрдүн бир аз козголгону байкалганын айтып, алар чыгып кетүүгө даярданып жатат деп болжолдоду.

XS
SM
MD
LG