Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Ош: Ажатканадагы кырсык боюнча эки адам соттолду


Ош шаардык соту Кара-Суудагы ажаткана кырсыгы боюнча эки адамды 10 жылдан эркинен ажыратты.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш боюнча көзөмөл инспекциясынын Ош облусундагы мурдагы кызматкерлери Сапарбай Атамов жана Хабибулла Алижанов үй-мүлкүн конфискациялоо менен камакка алынды.

Ажаткана ээси Муса Апышевдин үстүнөн да кылмыш иши козголгон. Бирок Апышев каза болуп калгандыктан, ага карата козголгон кылмыш иш жабык турат.

Андан сырткары, Курулуш инспекциясынын “ажаткана талапка жооп бербейт” деген чечимин жокко чыгарган Кара-Суу райондук сотунун судьясына да кылмыш иши козголгону кабарланган. Ал боюнча тергөө уланып жатат.

Былтыр 3-ноябрда Кара-Суу базарындагы даараткананын түбү түшүп кетип, төрт адам каза тапкан. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG