Бүгүн Бишкек шаардык сотунда экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча кезектеги отурум болот.
15-май күнкү жараян Түлеев менен бирге айыпталып жаткан мэрия кызматкерлеринин биринин адвокатынын өтүнүчү менен 23-майга калтырылган. Бул тууралуу анын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев "Азаттыкка" билдирди.
Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен 2012-жылы августта камакка алынган. Былтыр Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Депутат буга макул болбой, шаардык сотко арызданган. (SE)