Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Сариев: Бажы биримдигине кирүү Соода уюмунун шарттарына каршы келбейт


Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун шарттарына каршы келбейт. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бажы биримдиги аймактык экономикалык уюм. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп туруп, аймактык уюмга кирүүгө тыюу салынбайт.

Бирок Сариев Бажы уюмуна кошулууда тарифтик төлөмдөрдө өзгөрүү болушу мүмкүн экенин эскертип, бул багытта Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен иш жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Кыргызстандын өкмөтү 12-майда Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасын" кабыл алып, парламентке жөнөткөн. Бүгүн аны Социал-демократтар фракциясы талкуулап жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG