Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүк комиссия Батукаевдин бошотулушу боюнча бардык маалыматтарды Башкы прокуратура менен УКМКга өткөрүп берген. Бул органдар иликтеп, укуктук баа берген соң өкмөттүк комиссия Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлерге саясий баа бериши керек.
- Бул фактыны күч органдары иликтеп, тиешелүү баасын берген соң өкмөттүк комиссия өз жыйынтыгын чыгарат, - деди Сарпашев.
Өткөн жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген негизде бошотуп жиберген. Бирок ушул айдын башында Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу боюнча чыгарылган мурдагы чечимин жокко чыгарган. Ага Башкы прокуратуранын өтүнүчү негиз болгон. Прокуратуранын жүйөсүндө, Батукаевге жалган диагноз коюлуп, аны абактан чыгаруу атайылап уюштурулган. Буга байланыштуу Жаза аткаруу кызматы 22-майда Батукаевге издөө жарыялады.(BkA/KJ)