Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Кытай ооган банктары менен доллар операцияларын токтотту


Ооганстандын Башкы банкынын жетекчиси кытайлык финансы уюмдары көпчүлүк коммерциялык ооган банктары менен долларлык операцияларды токтотконун билдирди. Бул Кытайдан келген товарларга “акча төлөөнү татаалдаштырып” жаткандыгын Нуруллах Делавери Рейтер агенттигине айтып, мындан ишкерлер жапа чеге баштаганын кошумчалады. Кытай – АКШ доллары аркылуу дүйнө өлкөлөрү менен кеңири банк операцияларын жүргүзгөн өлкө.

Маалымат каражаттары Бээжиндин мындай чечими Шиңжаң-Уйгур автоном облусунда болгон соңку чабуулдарга байланыштуу экенин жазышты. Кытай бийликтери Шиңжаңдагы “Чыгыш Түркстан” исламчыл уюмунун мүчөлөрү Ооганстанда атайын даярдыктан өтүүдө деп билдирген.

XS
SM
MD
LG