Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Amnesty International түркмөн бийлигин кыйноолорду токтотууга чакырды


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму түркмөн бийликтерин ачкачылык жарыялап жаткан абактагы адамга каршы кыйноолорду жана коркутууларды токтотууга чакырды.

Уюм тараткан билдирүүдө Лебал аймагынын прокурору 19-майдан бери ачкачылыкта отурган Мансур Мингеловду "эгер акциясын токтотпосо, кыйнап, тамак жедиребиз"- деп коркуткан.

22 жаштагы Мингелов 2012-жылы түшүнүксүз айыптоолордон улам кесилген. Ал өзүнүн күнөөсүн четке кагып, ага жана анын агасына карата акыйкатсыз сот чечими чыкканын айтып келет.

Укук коргоочулар ачка жаткан адамга врачтын көзөмөлүсүз тамак берүү адамдын беделин түшүрүүгө барабар кыйноо экенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG