Ооганстандын батышындагы Герат шаарында Индия консулдугуна кол салган куралчан согушкерлердин бардыгы узакка созулган атышуудан кийин өлтүрүлдү.
Бул тууралуу Ооган полициясынан билдиришти. Атка минерлердин айтымында, өрттөлгөн консулдуктун имаратында жабыркагандар жок.
Эки ооган полиция кызматкери жеңил жарадар болушту.
Азыр калган согушкерлерди издөө улантылууда. Кол салууга жоопкерчиликти бир дагы террористтик топ ала элек. Индия Ооганстанга гуманитардык жана башка жардамдарды эң чоң көлөмдө жеткирген өлкө болуп эсептелинет.
Ооганстанда Индиянын консулдуктары Герат, Мазари-Шариф, Кандагар жана Жалал-Абад шаарларына жайгашкан.
Согушкерлер консулдукка 23-майдын таңында кол салышкан.