Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Стамбулдагы кагылышуудан экинчи адам өлдү


Стамбулдагы кагылышуу маалында алган жарааттан экинчи адам өлдү. Бул тууралуу Стамбулдун губернатору Авни Мутлу билдирди.

23 - майдын түнүндөгү полиция менен нааразылардын кагылышуусунда жарылган гранатадан оор жараат алып, каза болгон адамдын аты-жөнү азырынча белгисиз.

Мындан мурда 30 жаштагы Угур Курт башына ок жеп, мерт кеткен. Курт акцияга чыккан эмес, ал акция өтүп жаткан жерден анча алыс эмес аралыкта жүргөн кезде полициянын огу тийген.

Акциянын катышуучулары былтыр бийликке каршы тополоң учурунда каза тапкан өспүрүмдүн өлүмүнө жана Сома шаарындагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу нааразылык билдирип чыгышкан.

XS
SM
MD
LG