Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Amnesty International: Крым татарлары кысымга кабылууда


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин крым татарлары кысымга кабылып жатканын билдирет.

Уюмдун 23-майда жарыяланган баяндамасында Европа жана Борбор Азия программасынын директору Жон Далхусен крым татарларынын диаспорасы жарым аралды Орусия каратып алгандан кийин зордук-зомбулук менен дискриминацияга туш болуп жатканын белгилейт. Иш жүзүндө Крымдын жаңы бийлиги татарларды өгөйлөп, алардын лидерлерин куугунтуктап, Межлис таратылат деп коркутууда. Крым татарларынын тынч чогулуу жана сөз эркиндигине болгон укуктары бузулуп жатканы баяндамада белгиленет.

Эл аралык уюмдун өкүлүнүн айтканына караганда, жети миңге чукул татар Крымдагы үй-жайын таштап качууга мажбур болсо, ал жерде калгандарына украин жарандыгынан баш тартып, орус паспортторун алуу таңууланып жатат.

25-майда Украинада өтчү президенттик шайлоого Крымдагы башка украин жарандары менен бирге крым татарлары да добуш бере алышпайт.

XS
SM
MD
LG