Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Орусия Украинадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныйт


Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөгөндө орусиялыктар Украинанын создуккан кризистен чыгуусун кааларын билдирди.

Путин Москва 25-майда Украинада өтө турган шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын айтып, украиндер адегенде референдум өткөрүп, Баш мыйзам кабыл алышса туура болмок деген пикирин айтты. Конституциялык реформа жасап, андан кийин легитимдүү аткаруу бийлик органдарын түзүп, президентти, парламентти шайлоо мыйзамдуу жүрүш болмок деген Путин, учурдагы Конститутцияга ылайык Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович дагы эле президент бойдон экенин белгиледи.

Ошондой эле Путин Украинадагы бийлик алмашууну өлкөнү башаламандык менен жарандык согушка кептеген “мамлекеттик төңкөрүш” деп атады. Президенттик шайлоодон кийин Украинанын чыгышындагы аскерий операциялар токтойт деп ишенип турганын кошумчалады.

Экономикалык форумда Путин Украинада кырдаал жөндөлсө, Москва менен Вашингтон алакаларын калыбына келтирет деген ниетин дагы айтты.

XS
SM
MD
LG