Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Иранда миллиардер жогорку жазага тартылды


Иранда банк операцияларында көз боёмочулук кылып, эки миллиард 600 млн. долларды кымырып кетүүгө аралашкан миллиардер-ишкер атылды. Махафарид Амир Хосрави же Амир Мансур Ариа Тегерандын Эвин түрмөсүндө 24-майда таңга жуук атылганын Иран телеберүүсү кабарлады.

Хосравинин адвокатынын билдиришинче, өкүм жүзөгө ашырылары жөнүндө ага алдын ала маалымдалбаган.

Мурда Ирандын Жогорку Соту төмөнкү инстанциядагы соттун өкүмүн бекиткен болчу.

Хосрави жасалма документтерди пайдаланып, Ирандагы эң чоң банктардын бири “Садерат” банкынан кредит алган жана кредиттин эсебинен мамлекеттин энчисиндеги Кузестан металлургиялык компаниясын сатып алган. Бул ишке байланыштуу 39 киши соттолду. Алардын ичинен 4 адам өлүм жазасына тартылса, 2 адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Калгандары 25 жылга чейин соттолду.

XS
SM
MD
LG