Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Маматокторов: ОшТВ улутташтырылбайт


Бул тууралуу ОшТВнын башкы директору Шайырбек Маматокторов “Азаттыкка” билдирди. Ал бийлик ОшТВны улутташтырат деп айрым маалымат булактары жазган кабарды четке какты.

- ОшТВ улутташтырылат деген болбогон ушак сөз. Инвестицияларды коргоо мыйзамына ылайык, мындай нерсе таптакыр мүмкүн эмес. Каналдын жаңы жетекчилиги аны мыйзамдуу сатып алган жана Адилет министрлигинен каттоодон өткөргөн. Эгерде, мамлекет рейдерлик жолго бара турган болсо, бүт дүйнөгө шерменде болот. Орусиялык ишкердин инвестициясын рейдерлик жол менен тартып алса, анда мамлекетибиз таптакыр укук талаасынан чыгып, бандиттик эрежелер менен жашаган болуп калат – деди Маматокторов.

Буга чейин сот 2010-жылдан кийинки ОшТВнын сатылышы жана сатып алынышы боюнча келишимдери мыйзамсыз деп токтом чыгарган.

Маматокторов сот териштирүүлөрү боюнча маалымат берип жатып, каралып жаткан иштер 2010-жылга чейинки келишимдерге такаларын ачыктады.

Бийлик ОшТВны улутташтырат деген маалыматтар кечээ интернетте жарыяланган. Анда телеканал улутташтырылгандан кийин Ош шаар бийлигинин карамагына өтөрү белгиленген.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү алгач ирет ачылган жеке телеканал. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага тиешеси бар делип, Худайбердиевге сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган.

Июнь окуясынан кийин аталган телеканалга экс-мэр Мелис Мырзакматов ээлик кылганы айтылып жүрөт.

Быйыл 29-январда УКМК тарабынан бул телеканалга карата “Аймактар аралык жаӊжалга чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, имарат тинтүүгө алынган.

Ушул жылдын 15-апрелинде телеканал Орусиялык ишкер Максим Кротовго сатылганы белгилүү болгон. (ErN/SA)

XS
SM
MD
LG