Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Пакистан лидери Индиянын жаңы премьеринин инаугурациясына катышат


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Индиянын жаңы шайланган премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына барат.

Пакистан өкмөтүнүн маалымдашынча, Шариф Жаңы Делидеги салтанатка катышуу жөнүндөгү чакырыкка оң жооп берди. Бул Пакистандын өкмөт башчысы акыркы жарым кылымда Индиянын премьер-министринин инаугурациясына биринчи жолу катышат дегенди билдирет. Нарендра Модинин ант берүү жана бийликке киришүү аземи 26-майда болот.

Шариф буга чейин Модини парламенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктаган болчу. Индия жана Пакистан 1947-жылы эгемендик алгандан бери үч ирет согушкан.

XS
SM
MD
LG