Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Лейла Хатами мекендештеринен кечирим сурады


Ирандык актриса Лейла Хатами Канн кинофестивалынын президентин Жил Жакобту чеке тийиштирип өпкөнү үчүн кечирим сурады.

Лейла Хатаминин фестивал маалындагы салтантта Жил Жакоб менен жүз тийгизип учурашканы Иранда нааразылык жаратып, айрым эскичилдер актрисаны жазалоону талап кылышкан.

41 жаштагы актриса 23-майда Ирандын кинематографисттер союзуна жолдогон катында кээ бир мекендештеринин сезимин “жарадар кылганы” үчүн кечирим сурайт жана колу менен белги берип, чеке тийгизбөө болбосун түшүндүрө албаганын айтат. “83 жаштагы Жил Жакоб мен үчүн чоң атамдай эле адам, анын үстүнө мен конокто элем да”, -деп, Ислам үрп-адаттарын урматтай турганын жазат Лейла Хатами.

XS
SM
MD
LG