Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Исламабадда кайрадан бомба чабуулу болду


24-майда таң азанда Исламабадда эки бомба жарылып, бир күзөтчү өлдү. Экинчи күзөтчү жарадар болду. Пакистан полициясынын офицери Чаудри Хафиз Хусейндин билдиришинче, биринчи жардыруу кымбат баалуу дүкөндөр жайгашкан райондо болсо, автомобилге коюлган экинчи анча кубатуу эмес бомба шаардын башка бөлүгүндө жарылды.

Бомба чабуулун ким уюштурганы азырынча беймаалым. Үч күн мурда Пакистан армиясы Ооганстанга чек аралаш аймактагы уруулардын башкаруусундагы Вазиристан регионунда согушчандардын жабык жайларына авиациядан сокку урган. Авиачабуул кезде бери дегенде 75 согушчан катардан чыгарылган. Алардын арасында даражалуу командирлер да бар деп билдирген Пакистан армиясы. Бирок жергиликтүү элдин журналисттерге айтышынча, чабуулда өлгөндөрдүн арасында карапайым жарандар да бар.

XS
SM
MD
LG