Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

25-майда Украинада шайлоо болот


Премьер-министр Арсений Яценюк 24-майда жасаган видеокайрылуусунда жарандарды шайлоодо добуш берип, Украинаны коргоого үндөдү.

"Биз тыш өлкөлөр каржылаган бандиттер менен чет элдик желдеттердин шайлоону бузушуна жол бербейбиз, добуш берүү финансылык жана мыйзам жагынан толук камсыздалды. Сиздердин добушуңуздарды мындан ары эч ким эч качан уурдай албайт, сиздер өзүңүз каалаган адам үчүн добуш бересиздер. Добуштар батыш, чыгыш, түндүк жана түштүктөгү украиналыктардын эркин билдирет," - деди Яценюк.

Бирок 24-майда өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен бул чөлкөмдө “Элдик Республика” түзүлдү деп жарыялаган орусиячыл жикчилдердин кагылышуусу кээ бир жерлерде уланып жатканы кабарланды.

Чыгыш Украинадагы жикчилдердин башчылары өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда добуш берүүгө жол бербесин айтып коркутушууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-майда сүйлөп, Москва Украинадагы шайлоонун жыйынтыгын урматтарын айтты жана Украинадагы абал жөнүндө “башаламандык өкүм сүрүп, кеңири масштабдуу жарандык согуш жүрүүдө” деди.

XS
SM
MD
LG