Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, өчүрүүлөр профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу болууда. Ага ылайык, бүгүн 09.00дөн 17.00гө чейин Тынчтык жана Айни көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. 26-майда дал ушундай эле убакытта Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө жана Чүйдүн Мраморный, Рассвет жана Озерный айылдарында жарык берүү убактылуу токтотулат. (BkA)