Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү өтөт


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул айындын соңунда өтчү жыйында эки өлкө ортосундагы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюлушу мүмкүн. Буга чейин эки өлкө өкүлдөрү бир нече жолугушуу өткөрүп, такталган участокторду бекитүү боюнча макулдашкан.

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү быйыл 20-январда кайра уланган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320сы тактала элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG