Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Каннда түрк фильми баш байге алды


Канн фестивалынын баш байгеси - “Алтын пальма бутагы” түркиялык кинорежиссер Нури Билге Жейланга ыйгарылды. Жейландын “Кышкы уйку” деп аталган драмалык картинасын калыстар тобу 18 фильмдин ичинен мыкты деп табышты.

Түркиялык фильм 1982-жылдан бери Франциянын Канн курортунда өткөрүлүп келаткан абдан кадыр барктуу эл аралык кинофестивалда биринчи жолу баш байгени утту. Фильм атактуу орус дараматургу Антон Чеховдун үч аңгемесинин негизинде коюлган.

“Кышкы уйку” Жейлан тарткан жетинчи көркөм тасма. Буга чейин режиссердун үч фильми Каннда негизги сыйылыктарды алган болчу.
XS
SM
MD
LG