Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Хоккей: Орусия менен Финляндия финалда


Бүгүн Белорусиянын борбору Минск шаарында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрү болот. Баш байге үчүн Орусия менен Финляндия өлкөлөрүнүн тандалма командасы беттешет. Бул оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12де “Минск-Арена” стадионунда башталат. Ал эми коло байге үчүн Швеция менен Чехия тандалма командалары күч сынашат. 24-майда жарым финалда орустар шведдерди 3:1 эсебинде утуп, финалга чыкты. Экинчи жарым финалда чехтер финдерден жеңилүү ызасын тартып калды.

Сочи кышкы олимпиадасында орусиялык хоккейчилер күйөрмандардын үмүтүн актай албай, чейрек финалга да жетпей калган. Адистер бул команда башкы машыктыруучусун алмаштыргандан кийин ийгилик болгонун айтышууда. (КМа)

XS
SM
MD
LG