Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

”Реал” Европа чемпиондор лигасынын чемпиону


Португалия -- “Реалдын” коргоочусу Серхио Рамос атаандаштарына гол киргизгенден кийин. Лиссабон, 24-май, 2014.
Португалия -- “Реалдын” коргоочусу Серхио Рамос атаандаштарына гол киргизгенден кийин. Лиссабон, 24-май, 2014.
“Реал” (Мадрид) 24-майда Португалиянин байтакты Лиссабондо болгон финалдык беттешүүдө “Атлетико” (Мадрид) футболдук командасын кошумча убакытта 4:1 эсебинде утту. Оюндун негизги убакты “Реалдын” үстөмдүгү менен өттү. Бирок 34-мүнөттө дарбазачы Икер Касилястын жаңылганын пайдаланып, Диего Годин “Атлетикону” алдыга чыгарды. Оюндун 93-мүнөтүндө “Реалдын” коргоочусу Серхио Рамос эсепти теңеди. Кошумча 30 мүнөттө “Реал” “Атлетиконун” дарбазасына үч топту сокту: Гарет Бейл (110 мүнөттө), Марсело Виейра( 118-мүнөттө) жана Криштиан Роналдо (120- мүнөттө пенальтиден).

“Реал” муну менен онунчу жолу Европанын чемпиондор лигасынын кубогун утту. Чемпиондор лигасынын кубогун “Реалдан” көп бир да команда уткан эмес.

XS
SM
MD
LG