Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Тажикстан чек арадагы чатактын чыгымын төлөөгө убакыт сурады


Кыргыз-тажик чек арасында 7-майда болгон жаңжалда келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө тажик тарап 15 күндүк мөөнөт сураганын “Азаттыкка” бүгүн Баткен облустук милициясынан кабарлашты. Кошуналар бул аралыкта жаңжал учурунда зыян келтирилген 7 миллион сомдук мүлктү калыбына келтирүүнү убада кылууда. Бирок окуядан жабыркаган кыргызстандыктар бул чыгымды тезинен төлөөнү талап кылып жатат.

7-майда Баткендин Тажикстан менен чектеш Жеке-Өрүк деген жерде кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Жаңжал учурунда кыргызстандык 17 адам, тажикстандык 8 адам жаракат алган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тажик тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгонун кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү билдирген. Ушул аптада болсо коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев Тажикстандын күч органдары 6 адамды окуяга күнөөлүү катары кармаганын билдирген.(JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG