Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Оппозиция лидери каралоого кабылганын айтып чыкты


Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бийлик эки күндөн бери мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу ал жана анын атасы, өкмөт алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбековду каралаган маалыматтарды таратууда.

- Эки жылдан бери мага каршы ар кандай айыптарды тагууга аракет кылышты. Бирок андан эч нерсе чыккан жок. Эми Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкери пара менен кармалганын шылтоолоп, Жээнбеков деген фамилияны жаманатты кылуу аракетин көрүп жатышат, - деди Равшан Жээнбеков.

23-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нургалы Кудаяров аттуу кызматкерин “Кудайберген” базарынан 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган. Кармалган учурда Кудаяров бул каражатты Бабырбек Жээнбеков баштаган агенттиктин жетекчилерине алып барып берээрин айткан.

Бабырбек Жээнбеков болсо бул боюнча комментарий бере элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG