Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Жикчилер миллиардер Ахмедовго ыкыс көрсөттү


25-майда орусиячыл жикчилер, анын ичинде бетин чүмбөттөп алгандар Украинанын эң бай адамы Ринат Ахметовдун Донецк шаарындагы дубал менен курчалган үйүнүн алдына топтолушту. Миллиардердин шаар четиндеги үйүн куралдуу күзөтчүлөр кайтарат.

Көмүр кендери менен металлургиялык ишканалардын ээси Ахметов жарандарды президенттик шайлоого катышууга үндөп, жикчилерди “кызыл кыргын” уюштурду деп күнөөлөгөн болчу. Ошондой эле өз ишканаларында эмгектенген жумушчуларды жикчилерге каршы тынч демонстрацияга чыгууга чакырган. Ахметовдун ишканаларында 300 миңдей адам эмгектенет. Бизнесмендин Мариуполдогу ишканасынын жумушчулары полицияга кошулуп, шаардагы өкмөттүк имараттардан орусиячыл козголоңчуларды сүрүп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG