Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Евробиримдикте Европа парламентине шайлоо өттү


Европанын маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, 22-майдан 25-майга чейин болгон парламенттик шайлоодо Европа элдик партиясы европарламенттеги 751 орундун 212син жеңип алды. Анын лидери Жан-Клод Юнкер Европа өкмөтүн жетектөө мүмкүнчүлүк алды.

Европалык социалисттер жана социал-демократтар 185тин тегерегинде депутаттык орунга ээ болушат. Бул жыйынтыктар Европада салттуу партиялардын дагы эле жеңишке жетишкенин, бирок көрсөткүчтөрүнүн начарлашынан кабар берет. Ал эми ашкере оңчул жана солчул партиялар бир катар өлкөлөрдө жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

Маселен, Францияда Марин Ли Пен жетектеген ашкере оңчул “Улуттук фронт” 25% добушка ээ болду. Дания, Австрия, Британия, Италия, Грекияда ашкере оңчул жана солчул партиялар ийгиликке жетти. (AiT)

XS
SM
MD
LG