Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

АКШ президенти Ооганстанда согушту быйыл аяктоого убада берди


25-майда күтүүсүз сапар менен Ооганстанга келген президент Барак Обама "быйылкы жылдын соңуна карай АКШ Ооганстандагы согушун аяктайт" деп билдирди. Ал ооган коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү кырдаалды өз көзөмөлүнө алып жатканын, Ооганстандын жаңы президенти шайлангандан кийин эки өлкө коопсуздук боюнча келишимге кол коёруна үмүт артканын билдирди.

Келишимге кол коюлса, 2014-жылдан кийин да Ооганстанда АКШнын көп эмес сандагы аскерлеринин калуусуна шарт түзүлөт. Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 14-июнда өткөрүлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG