Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

ТИМ чет өлкөгө кетип жаткандарга оор илдет тууралуу эскертти


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөгө баруучу жарандарга кайрылып, Сауд Арабиясынан тараган оор илдеттен адамдар каза таап жатканын эскертти. Министрликтин маалыматына караганда, соңку бир нече айда MERS деген вирустун айынан эки адам өлдү. Сасык тумоого окшош бул ооруга чалдыккандардын 50% өлүмгө дуушар болорун, ага каршы вакцина азырынча жок экенин дарыгерлер айтууда.

Вирус Арабия жарым аралында жашаган төөлөрдөн тарап жатат. Анын очогу - Бириккен Араб Эмирликтерине коңшу жайгашкан Сауд Арабиясы. Алгач бул вирус 2012-жылы аныкталган. Ооруган 473 кишинин 133ү айыга албай каза тапкан. Учурда ага чалдыккандар Франция, Германия, Иордания, Катар, Улуу Британия, Италия, Египет, Ливан жана АКШда катталууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөлөргө кетип жаткан жарандарды этият болууга, тиешелүү мекемелерден так маалымат алууга чакырып, айрыкча сафариге барууну каалагандар төөлөрдөн алыс болушу керектигин эскертти. (RK)

XS
SM
MD
LG