Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Парламент CASA-1000 долбоорун талкуулайт


Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети бүгүн Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергияны өткөрүү жана сатуу боюнча CASA-1000 долбоорун талкуулайт. Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү бирикмесинин ортосундагы макулдашуу боюнча энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев депутаттарга маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл февралда Вашингтондо кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстан жана Тажикстан Пакистан менен Ооганстанды CASA -1000 долбоорунун алгачкы этабында жылына 700 МВТ электр кубаты менен камсыз кылууга милдеттенме алган.

САSA-1000 долбооруна катышуу үчүн Кыргызстан өз аймагында Жалал-Абаддагы "Датка" подстанциясынан Тажикстандын Согди облусундагы подстанцияга чейин жогорку чыңалуудагы 500 киловаттык жаңы электр линиясын курушу керек. Долбоордо ал түйүндүн узундугу 477 чакырым деп көргөзүлгөн. Аны куруу үчүн өкмөткө Дүйнөлүк банктан же башка эл аралык каржы уюмдардан насыя алууга туура келери айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG