Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Порошенко президенттик шайлоону биринчи айлампада жеңиши мүмкүн


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия украин элинин эркин урматтайт деп кайталады. Ошол эле маалда министр шайлоо кампаниясы “айрым проблемалар” менен коштолгонун билдирди. Лавров Петро Порошенко экстремисттик көз караштардын үстөмдүк кылышын алдын алат деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Алгачкы санактарга караганда, миллиардер Порошенко добуштардын 54 процентин алды. Анын негизги атаандашы, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого шайлоочулардын 13 проценти ишеним көргөздү.

Жеңишин жарыялаган Поршенко, “согушту токтотуу жана тынчтык орнотуу” анын негизги максаты болоорун, президент катары адегенде орусиячыл жикчилер ээлеген чыгыш облустарга бараарын билдирди. Ал ошондой эле Крым референдумун эч качан тааныбасын жана “Европа менен интергацияга” карай багыт алаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG