Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Донецк аэропорту жабылды


Орусиячыл жикчилердин рейдинен кийин Донецк шаарынын аэропорту жабылды. Маалыматка караганда, куралчан адамдар аба майданын кайтарып турган аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылышкан. Анын алдында өзүн Донецк Элдик жумуриятынын лидери деп атаган Денис Пушилин облуста 26-майдан тарта аскерий абал киргизээрин жарыялаган.

Жикчилер жумурияттын аймагын “касташ Украинанын күчтөрүнөн тазалоону” көздөшөөрүн Твиттерде жазышты.

Ал эми Украинанын биринчи вице-премьер-министри Виталий Ярема армиянын чыгыш облустардагы операциясы жакынкы күндөрү жанданаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG