Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Президент электр энергиясына тарифти дыкат изилдөөнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн энергетика жана өнөр жай министрди Осмонбек Артыкбаевди кабыл алып, электр энергиясына карата баа саясатын дыкат изилдеп, анан чечим кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мамлекет башчы тариф саясатын өзгөртүү чаралары терең иликтөөнү талап кылаарын, ал чаралар калктын социалдык турмушуна кедергисин тийгизбеген учурда гана аткарылышы керектигин белгиледи.

Артыкбаев мамлекет башчы менен тармактагы ремонт иштери, электр энергиясын коромжусуз пайдалануу жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү үчүн жолуккан.

Мурдараак Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясынын жаңы тарифтери боюнча программаны коомчулуктун талкуусуна алып чыккан. Ага ылайык, жайкысын айына 300 кВт/сааттан ашык колдонгондорго бааны 1 сом 20 тыйынга, кышында 600 кВт/саат энергиядан көп колдонгондорго 2 сом 20 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштаган. Муну министрлик электрдин учурдагы баасы өндүрүүдөгү чыгымдарды актабай жатканы менен түшүндүргөн.

Учурда жарыктын баасы 70 тыйын. (SE)

XS
SM
MD
LG