Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

ЕврАзЭШ Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн 20 млн. доллар берет


Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭШ) Кризиске каршы фонду айыл-чарба техникасын сатып алуу үчүн Кыргызстанга 20 млн. доллар насыя берет. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети бул боюнча быйыл мартта Бишкекте кол коюлган макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун бүгүн жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөөсүз берилет. Анын алгачкы 8 жылына пайыз төлөнбөйт.

Каражат дыйкандарга айыл чарба техникасын лизингге сатып алуу үчүн 9 пайыз үстөгү менен 7 жылдык мөөнөткө берилет. Насыя таратуучу банктар өз кызматы үчүн ага дагы 20 пайыз үстөк кошот.

Макулдашуунун дагы бир шарты боюнча акчага Орусия менен Беларус техникасы сатылып алынышы керек.

Кыргыз өкмөтү ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фондунан 100 млн. доллар сурап, 2012-жылы кайрылган. Бул уюмга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (SE)

XS
SM
MD
LG