Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Рим папасы Франциск Иерусалимге барды


Рим папасы Франциск бүгүн Иерусалим шаарына барды. 77 жаштагы понтифик мусулмандардын жана жөөттөрдүн ыйык жайларына, Холокост музейине зыярат жасады. Кечинде ал Израилдин президенти Шимон Перес жана премьер-министр Беньямин Нетаньяху менен жолугушмакчы.

Франциск сапарынын жүрүшүндө Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга чекит коюуга үндөдү. Папа Израил жана Палестина жетекчилерин эмки айда Ватиканга келип, тынчтык тилеген таатка катышууга чакырды.

XS
SM
MD
LG