Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Стамбулда Иран менен Евробиримдиктин өкүлдөрү жолугушууда


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жана Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон 26-27-май күндөрү Стамбулда Тегерандын атомдук программасын талкуулашмакчы. 16-июнда болсо Иран менен 6 державанын расмий сүйлөшүүсү уланмакчы. Сүйлөшүүнүн буга чейинки айлампасы жыйынтыксыз аяктаган.

Тараптар Иран уранды байытуу иштерин чектесе, Батыш санкцияларды жеңилдетет деген келишим боюнча мунасага келе алышкан жок. Ал эми бүгүнкү жолугушууда талкууланган маселелер тууралуу так расмий маалымат жок. Айрым байкоочулар бул келишимге жетишсе болоорун туюндурган ишара деп чечмелешет.

XS
SM
MD
LG