БУУнун дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өкүлү Рам Сараванамутту кыргызстандыктарды калориялуу тамактанууга жана азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды. Сараванамутту Кыргызстанда бул жаатта абал начар болбосо да, рациондун ар түрдүүлүгү бардык аймакта бирдей эместигин белгиледи.
Бүгүн Жогорку Кеңеште БУУ менен Кыргызстандын өнөктөштүгү жана мындан аркы кызматташуу маселеси талкууланып, негизинен азык-түлүк коопсуздугу, жакырчылыкты жоюу жаатында талкуу болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
БУУ өкүлү тамак-аш коопсуздугу боюнча кыргыз бийлигине атайын программа иштеп чыгууну сунуштап, ага техникалык колдоо көрсөтүүгө Улуттар Уюму көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Уюмдун дагы бир өкүлү Дорджи Кинлай айыл чарба тармагындагы өсүш Кыргызстандагы жакырчылыкты кыскартуунун негизги жолу экенин кошумчалады.
Кыргызстанда БУУнун 21 мекемеси, аймактарда 79 кеңсеси бар. 2005-2014-жылдар аралыгында БУУ Кыргызстанга 405 миллион АКШ доллары өлчөмүндө гранттык жардам көрсөткөн. (SE)