Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Келдибековдун камактагы мөөнөтү дагы узартылды


Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун камактагы мөөнөтү 27-июнга чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутаттын адвокаты Татьяна Чильникина билдирди.

Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылдын ноябрында коррупция боюнча айыпталып кармалган. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарган. Ошол убакыттан бери Келдибековду абакта кармоо улам-улам узартылып келатат. Акыркы чечимге ылайык, ал 27-майда боштондукка чыкмак.

Келдибеков өзүнө коюлган айыпты четке кагып, саясий себептен улам камалганын айтып келет.

Депутат абакка түшкөндөн бери колунан жана бутунан үч жолу операция болду. (SE)

XS
SM
MD
LG