Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Жалал-Абад: Июнь окуясында каза тапкан үч милиционер эскерилүүдө


Жалал-Абадда 2010-жылдын июнь окуясында каза тапкан милиционерлер эскерилүүдө. Алардын элесине арналып бул күндөрү самбо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат. Аны облустук милиция менен өкмөттүн өкүлчүлүгү уюштурду. Башка облустардан келгендерди кошкондо жалпысынан 13 команда беттешүүдө.

Мелдештин жыйынтыгы бүгүн кечинде чыгарыларын облустук ички иштер башкармасынын басма сөз кызматы кабарлады.

2010-жылдын июнь окуясында 200гө жакын милиционер жараат алган, 10у каза тапкан. Алардын үчөө Жалал-Абад жергесинде набыт болгон. Алар Базар-Коргон райондук милициясынын инспектору Мыктыбек Сулайманов, Чүй облустук милициясынан Жалал-Абадга жиберилген Нурбек Бегалиев жана Кыялбек Жумабаев болчу. (YA)

XS
SM
MD
LG