Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Донецк аэропортун украин армиясынын тик учактары аткылады


Украин армиясынын тик учактары Донецктеги аэропорттун бир терминалын ээлеп алган куралчан жикчилерди аткылашты. Тик учактагылар пулемет жана артиллериялык курал колдонушту. Салгылашууларга күбө болгон Батыш журналисттери Ми-24 тик учактары учуп-конуу тилкесиндеги бир нече объектке сокку урушканын кабарлашты.

Анын алдында куралдуу күчтөрдүн өкүлү Владислав Селезнев аэропортту ээлеп алган куралчан адамдарга берилген ультиматумдун мөөнөтү аягына чыккан соң операция башталганын маалымдаган.

Донецк аэропорту бүгүн эртең менен куралчан адамдар аны кайтарган аскерлердин чегинишин талап кылгандан кийин жабылган.

XS
SM
MD
LG