Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 26-майда Петро Порошенко президент болуп шайланганын жарыялады. Михайло Охендовски Киевдеги пресс-конференцияда Порошенко жеңүүчү деп жарыялоого жетиштүү добуш алгандыктан, экинчи айлампа өткөрүүнүн кажети жоктугун айтты. Төрага "Петро Порошенко 25-майда Украинанын жаңы президенти болуп шайланды", - деди.
Комиссия бюллетендердин 90% көбү саналып бүткөнүн, Порошенко добуштардын 54% ашуунун алганын, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко 13% алганын билдирди.
Комиссия бюллетендердин 90% көбү саналып бүткөнүн, Порошенко добуштардын 54% ашуунун алганын, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко 13% алганын билдирди.