Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Жон Керри Ирандан Амир Хекматини бошотууну өтүндү


Иран бийлигине кайрылган АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жалган жалаа менен айыпталган Хекмати үч жылдан бери абакта отурганын жана анын ден соолугуна тынчсызданып жатканын белгилеген. АКШнын аскердик-деңиз флотунун кызматкери 2011-жылы август айында Иранда тыңчылык боюнча айыпталып камалган.

Хекматинин жакындары 26-майда Вашингтондо Ак үйдүн алдына чыгып, аны бошотуу аракеттерин жасоого бийликти чакырды. Алар Хекмати аскердик кызматтан бошогондон кийин Иранга чоң энесинен кабар алуу үчүн барганын билдирүүдө. Амир Хекмати АКШ жана Ирандын жарандыгына ээ экендиги айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG