Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:05

Москва жана Киев сүйлөшүүгө даярдыгын билдирүүдө


Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенко 26-майда сүйлөгөн сөзүндө июнь айында орус жетекчилиги менен жолугушууну пландаштырып жатканын жана Москвасыз Украинанын чыгышында туруктуулукту орнотуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал жикчил региондо аскердик операцияны улантарын, бирок анын натыйжалуу болушуна аракет жасарын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Порошенко менен диалогго даяр экенин маалымдады:

- Биз Порошенко өзүнүн ниеттери жөнүндө айтканын угуп жатабыз. Ошондой эле Орусия менен байланышты өтө маанилүү деп жатат. Биз, президент Владимир Путин бир нече жолу айткандай, Киевдин өкүлү жана Петро Порошенко менен диалогго даярбыз.

Лавров Украинадагы маселелерди чечүүнүн жолу өз жарандары менен диалогго баруу экенин белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG